Президенттин күйөө баласы Караколдун мэри болуп шайланды

Президенттин күйөө баласы Караколдун мэри болуп шайландыКаракол шаарынын жаңы мэри шайланды.

Бул кызматка Жогоку Кеңештин мурдагы депутаты Жанкороз Каниметовдун 40 жаштагы уулу Адыл Каниметов келди.

Жаңы мэр Президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Жусуп Жээнбековдун күйөө баласы экенин массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаевдин Twitterдеги баракчасына жазып чыкканына караганда,  Каниметовго 18, анын атаандашы Эрлан Айсаракуновго 11 депутат добуш алган.

Анын айтымында, Айсаракуновду «Табылга» фракциясы, Каниметовду КСДП, «Кыргызстан», «Республика-Ата Журт» жана «Өнүгүү» фракциялары көргөзгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты