Марс Сариев: “Кылычбек Султан кесипкөй дипломат болсо, мындай болмок эмес”

Марс Сариев: “Кылычбек Султан кесипкөй дипломат болсо, мындай болмок эмес”Элчи Кылычбек Султандын чет өлкөдөн саясий башпаанек сураганына саясий серепчи М. Сариев баа берди.   

—Кылычбек Султан чет өлкөдө баш паанек сурады. Буга кандай комментарий берет элеңиз?

—Ага кылмыш ишин ачып, прокуратура текшерип жатат. Ошон үчүн саясий башпаанек сурады. Ал Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигиндеги былыктарды чукуп чыкты. Башка айла жок, саясатта калыш үчүн чет мамлекеттен саясий башпаанек сурап, ал жакка кетүүгө аракет кылып жатат.

—Анын кылмышы боюнча жаза жеңил эле болмок да. Дипломат катары ушул кадамына кандай баа бересиз?  

—Дипломат катары кадамы туура эмес. Кыргызстандын имидж-аброюна аябай шек келтирди. Коррупцияны чукуп чыкса дагы, отставкага кетип. Мамлекеттик кызматкердин этикасы деген болот, мамлекеттик кызматкердин аброюна абдан шек келди. Башка кесиптегилерди элчи кылып койсо, ушундай боло берет  Анын “Супер инфо” гезитиндеги электораты чоң  деп Атамбаев убагында койгон. Ошол туура эмес.

Кыргызстан кадр тандоого кылдат мамиле жасап, элчи кылып кесипкөй кадрларды койбосо, дагы эле ушундай,  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндегидей жана ушул Кылычбек Султандай боло берет. Эгер ал кесипкөй дипломат болгондо,  мындай кылмак эмес. Кыргызстандын аброюна ал аябай шек келтирип жатат.

Айжан Айтышева

Сүрөттө: Марс Сариев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты