Салык кызматы: 1-сентябрга чейин транспорт жана турак жай салыгы боюнча маалыматтык эсепти тапшыруу керек

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрга чейин учурдагы салык мезгили үчүн транспорт каражатына жана турак жайга салык боюнча маалыматтык эсепти тапшыруу керек экенин эскертти.

Салык кызматынын билдирүүсүнө ылайык, салык төлөгөнгө чейин жарандар транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасын (FORM STI-090) жана турак жайга, имаратка жана курулмага мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасын (FORM STI-086) тапшырышы керек.

Маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу же салык органына барып, кагаз түрүндө тапшырса болот.

Салык кызматы маалыматтык эсепти өз убагында тапшырбагандара административдик айып каралганын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты