Министрлик: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга даярдык башталды
- 2 года мурун
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга даярдык башталып, Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-августта министр Эркинбек Осоев Кытайдын темир жол куруу корпорациясы институтунун өкүлдөрү менен жолугуп, долбоор боюнча сүйлөшүштү.
Белгилей кетсек, буга чейин темир жолду куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин биргелешип иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөн.
Муну бөлүшүү