Президент Жапаров сот кызматкерлери үчүн 300дөн ашык турак жай курулуп жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 5-августта президент Садыр Жапаров Жогорку сотто судьялар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Жапаров сот системасында жүргүзүлүп жаткан реформа, анын ичинде судьяларды ротациялоо процесси жана анын максаты тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, ротация учурунда аймактардан келген соттор квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алып, тажрыйбалуу соттор аймактардагы иштин сапатын жогорулатат.

«Сот реформасындагы негизги жана эң маанилүү кадам бул – судьялардын кынтыксыз иштешин, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу менен элдин үмүт-тилегин актоо деп эсептейм. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жетекчилигине сот системасында түзүлгөн жагымсыз кырдаалды жөнгө салуу, судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюп, элдин ишенимине ээ болуу, жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө милдеттери жүктөлгөн», — деди Садыр Жапаров.

Президент сот тармагында иштеген кызматкерлер үчүн түзүлүп жаткан шарттарга дагы токтолду. Анын айтымында, учурда сот кызматкерлери үчүн өлкө боюнча 300дөн ашык турак жай курулууда. Мындан тышкары август айынан тарта судьялардын айлык акылары көтөрүлөт.

Ошондой эле сот аткаруучулар менен сот приставдар үчүн кызматтык автоунаа менен камсыздоону чечүү маселеси каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты