Ысык-Атада райондук милициянын эки кызматкери адам өлтүрүү ишине байланыштуу кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облусундагы Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары жана тергөөчүсү адам өлтүрүү ишине байланыштуу кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды.

Алдын ала маалыматка ылайык, кармалган милиция кызматкерлери мындан бир канча жыл мурун адам өлтүрүүгө шектүү менен макулдашып алып, кылмышты суицид катары көрсөтүшкөн.

Тергөөчүлөр сөөктү эксгумациялап, экспертизадан өткөргөн учурда маркум киши колдуу болгону аныкталган.

Бул иш боюнча Ысык-Ата РИИБинин башчысынын мурдагы орун басары Нурдин Ж. жана тергөөчү кармалып, ишти Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы иликтеп жатат.

Kaktus.media билдиргендей, бул иш боюнча буга чейин маркумга экспертиза жүргүзгөн эксперт кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты