Кыргызстанда кумшекердин жеңилдетилген баасы 78 сомго чейин төмөндөтүлөт

  • 2 года мурун

Кыргызстанда кумшекердин жеңилдетилген баасы 78 сомго чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, кечээ, 4-августта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында өткөн кеңешмеде «Кайыңды Кант» жана «Кошой» заводдорунда өндүрүлгөн кумшекерди соода түйүндөрүндө 78 сомдон сатуу тууралуу келишим түзүлдү.

Мындай баа менен жарандар бир күндө бир килограмм кумшекер ала алат. Көрсөтүлгөн көлөмдөн жогору кумшекер чектөөсүз 84 сомдон сатылат.

Буга чейин кант өндүрүүчүлөр менен ири соода тармактары жана айрым кичинекей дүкөндөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде кумшекер жеңилдетилген баа менен 79 сомдон — күнүнө 1 кг чектөө менен, андан ашса, 85 сомдон сатылып жаткан.

Ошондой эле жаңы түзүлгөн келишимге ылайык, мурдагы келишимге кирбеген бардык сатып алуучулар үчүн кумшекердин дүң баасы 86 сомдон 83 сомго чейин төмөндөдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты