Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

  • 2 года мурун

11-14-августта Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-августта маданият күндөрүнүн ачылышында Будапешттин музыка борборунда гала-концерт өтөт. Концертке белгилүү музыканттар, «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли, элдик ырчылар, комуз аткаруучулар, манасчылар катышат. Андан тышкары мода көргөзмөсү өтөт.

Ошондой эле маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз сурөтчүлөрүнүн жана көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулат.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты