Эдил Байсалов: “Элчинин башпаанек сураганы Мекенди сатууга барабар!”

Эдил Байсалов: “Элчинин башпаанек сураганы  Мекенди сатууга барабар!”Кыргызстандын Кореядагы экс элчиси Кылычбек Султан кечээ чет өлкөдөн башпаанек сураганы маалым болгон. Бул кабарды Эдил Байсалов фейсбук баракчасында мындайча комментарийледи:

—Кылыч Султанов  мамлекетти жана өзүн өтө чоң уят кылды. Элчинин башпаанек сураганы — бул Мекенди сатууга барабар! Бул дипломатия тарыхында эң чоң ЧП. Эчтеке боло электе «караул» деп кыйкырып, «кандуу режимди сыртта туруп кулатам, кулатмайынча кайтпайм» деп Атамбаевдин телеканалында айтканын өз кулагым менен укпаганда, ишенмек эмесмин. Муну психиатрия менен гана түшүндүрсө болот. Соо киши муну жасай албайт.

Мен унчукпай деле койсом болмок. Бирок бул коррупция менен күрөшүмүш болгон «дипломаттын» деңгээлин элге, өзгөчө жаштарга түшүндүрүүгө туура келди. “Псих истерикасы” бирок уланууда. “Навязчивая идея”  деп коет.

Менин ал жөнүндө жазганым:

—Эки жыл мурун ал өзүн “президент Атамбаевге атаандашмын” деп, Малайзиядагы элчиликтен отставка суранган. Ал Конституциянын жаңы редакциясы менен макул болгон эмес имиш. Эки жумадан кийин, ал Атамбаевден эл алдында кечирим сурап, президенттин ишенимин жогору баалай турганын айтып ыйлактаган. Эки айдан кийин ал “өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи” болуп калган. Бир жылдан кийин Кореяга элчи болуп кетти. Бул учурда ал саясий куугунтук, Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров тууралуу “лам” деп ооз ачкан эмес.

Эми көрдүңүздөрбү, ал президент Жээнбековду президент катары тааныбай, чет элде калып, саясий башпаанек сурап, саясий туткундарды бошотууну талап кылууда. Ал Кореядагы элчилик кызматтан түшөөрү менен пост жаза койду.

Анын жазгандарын окугандагы менин биринчи реакциям—Сеулга чалып, өзүн жана өлкөнү уят кылба деп айтайын дегем. Дүйнөдө  “Элчи саясий башпаанек сурады” деген сөз Кыргызстан үчүн жакшы жарлык эмес. Анын үстүнөЖээнбековду азыр бирдеме деп күнөөлөш акыйкатсыздык.  Султанов эмнеге Текебаевди камаган  Атамбаевге каршы чыккан эмес? Анда эмнеге ошондо кескин кадамдарды талап кылган эмес? Азыр айрымдар Султановду чынчыл, коррупция менен күрөшкөн дипломат катары көрсөткүсү келүүдө.

Анда ал эмнеге Малайзида элчи болуп жүргөндөгү мыйзам бузууларды, бул жакта, Бишкекте  “министрге элчи” болуп жүргөн учурундагы фактыларды айткан жок?

Ал түшүнүктүү да. Жооп белгилүү. Анын себебин билиш үчүн Ак үйдө дос же тааныш күтүүнүн кереги жок. Кылычбек Султан өзүнүн таарынычын ачык эле айтып жатат.

Президент Жээнбеков “Супер инфо” гезитинин ээсин жеке аудиенция кылбай койгон. Болду. Себеп ушул эле.

Көрсө, Жээнбеков Султановдун биринчи талабы боюнча эле кабыл алып, ага көңүл бурушу керек экен да. Атамбаев ошондой кылчу. Ал эми жаңы президент андай кылбай койду. Демек, ал үчүн презилент эмес, Султанов ага ишеним артпайт. Мына, мамлекеттик бийликтин өлкөдөгү деңгээли.

Каденованын корвалолу боюнча тагдыр тамашасындай, Султанов так эле ошондой ишке алынган, жогорку кызматка дайындалыш үчүн билими да, кылган кызматы да жетишсиз. Экөө тең бир деңгээлдеги немелер.

Оюн-зоок гезитин чыгарган мурдагы верстальшикти министр кылып Өмүрбек Текебаев алып келген. Анда Текебаев “Жеке эч нерсе жок, бизнес гана” деп айткан мага. Көрсө Султанов—“Ата Мекен” партиясынын келечеги тура. Мен ошондо Текебаевдин көзүнчө күлгөм. “Суперинфо” гезити ижарачы болуп отургандагы кызыкчылыктар конфликтин экөө тең көрүшкөн эмес.

Султанов министр болуп жарыткан жок.  Өкмөттө министрликтин позициясын жылдырган жок. Жогорку Кеңештин бир дагы жыйынына катышкан жок. Анан вице-премьер менен болор-болбос иш үчүн пикир келишпегенин элге алып чыгып, отставкага дүңгүрөп кетүүнү чечти. Мына, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Социалдык өнүгүү министрлигиндеги өкүлү!

Андан ары “Супр-инфо” гезитинин ээсин Куала-Лумпурга, андан ары Сеулга элчиликке жиберишти. Андан кийинки кылыктары —бул. Бийликтин жана дипломатиянын мындай деңгээли үчүн мен уялам. Атамбаев, Илмиянов, Исаков, Ниязов, Текебаев таксырлар, сиздерге рахмат!

Ал эми телефон трубкасын албаган Кылыч Султан, мен ачык эле айтайын, өзүңдү жана өлкөнү уят кылбай, постуңду өчүрүп кой. Мамлекеттин эсебинен билет алып, өлкөгө кайт. Сени эч ким куугунтуктабайт. Сени эч ким камаганы жаткан жок. Сенин эч кимге керегиң жок. Жаныңды жай алдыр! -деди Эдил Байсалов Кылычбек Султанга.   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты