“Мигрант келгиче социалдык коргоо кызматкерлери эгиз кыздарын асыроого берип салышкан” (ВИДЕО)

ЖК депутаты Карамат Орозова үй-бүлөсүн багуу үчүн каражат тапканы  башка өлкөлөргө иштеп кетип, балдарын туугандарына таштаган учурларда, социалдык кызматкерлер алардын балдарын Балдар үйүнө таштап, андан ары алар башкаларга асыроого берилип кеткен фактылар көп болуп жатканын айтты.

—Бала сатуу боюнча чуулгандуу окуя көп болуп жатат. Айрыкча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Биринчи Май райондук бөлүмүндө чуулгандуу окуя болду. Өткөндө муну биздин министрлик каратпай, калп деп айтып жаткан.

Министрлик  калп дегенинен  жооп иретинде бердик, себеби биз, эл өкүлдөрү, айрыкча мен өзүм, келген каттарга таянып айтабыз, Ошол социалдык өнүктүрүү министриндегилер калп деген маселени айттым.

Мисалы Шамурзаев аттуу жаран, Дордой конушунун тургуну мага кайрылды. Ал кишинин жети баласы бар, анын ичинде эгиз кыздары болгон.

Ал киши үй-жайы жок болгонунан улам кыйналып, үй-бүлөсүн багуу үчүн, жети баласын таштап, Россияга каражат табуу үчүн иштегени кеткен.

Каражат тапканы кетип, кайра келгиче, Ленин жана Биринчи Май райондук үй-бүлөнү коргоо кызматкерлери кичинекей эгиз кыздарын “силердин буларды багууга шартыңар жок, карай албайсыңар, шартыңар болгондо аласыңар” деп алып коюп, кыздарды Балдар үйүнө жиберишет.

Буларды ата-энелик укуктан ажыратып коюшкан, кыздар башкалар тарабынан асыроого  кетип калган. Бүгүнкү күндө Шамурзаев келип, эркек башы менен кадимкидей ыйлап, “эгиз кыздарымды таап бергиле” деп жатат.  Азыр ал “үй-жайым бар” дейт.

Эгиз кыздарынын аты Фатима, Малика экен. Соттук териштирүүдө  атасынын макулдугу жок берип жиберишкен.

Эгиз кыдарды эмнеге экиге бөлүп, Биринчи Май жана Ленин райондору тарабынан асыроого берилген?

Экинчиден, социалдык коштоо деген болушу керек. Мында эч кандай социалдык коштоо деген болгон эмес. Социалдык кызматтар буларды көп балалуу үй-бүлө катары эч кандай жөлөк пул, үй же жер менен, же иш менен камсыз кылган эмес.

Эгерде биздин мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдү иш менен, жөлөк пул менен, үй же жер, же иш менен камсыз кыла албаса, анан алардын балдарын  алып койсо,  бул баланы алып сатуу, буга аларга ким укук берди? Биздин балдарыбыз буюм эмес. Ошондуктан өткөндө Эмгек жана социалдык өнүкүрүү министрликтин жетекчилигине парламентте суроо бергенимде ал “калп” деп айткан болчу.

Дагы бир факты бар. Ал Абдраимова атуу жаран экен. Ал балдарын өзүнүн сиңдисине таштап кеткен экен. Албетте, алардын балдарына балдар бакчасында орун болбосо, сиңдисине таштап, акча тапканы кетсе, аны дагы Биринчи май райондук социалдык коргоо бөлүмүндөгүлөрбалдарды алып, Балдар үйүнө берип коюшкан.

Бул жерде дагы ата-энесинин эч кандай макулдугу жок, балдары асыроого кетип калган. Анын бир тууган агасы келип, мен алайын десе, беришкен эмес. Балдар кодекси боюнча биринчи үй-бүлөсү, анан бир тууган агасы асырап алышы керек. А бизде андай эмес болуп жатат.

Бул жерде ар кандай адамдарга берип жатканы ар кандай кызыкчылыктар бар. Мен ул маселени Башкы прокуратурага, Өкмөткө бердим.

Бизде бүгүнкү күндө Бала сатуу боюнча өтө чуулгандуу окуялар көп болуп жатат. Ошондуктан мунун акырына чыгарышат деген ойдомун.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты