Райкан Абдувалиева: “Туура тамактанганды үйрөнүп алдым”

Райкан Абдувалиева: “Туура тамактанганды үйрөнүп алдым”

Алты жашынан комуз черткен, өнөрлүү адамдардын бүлөсүндө өсүп,  “Периште” аттуу ыры менен элге таанылган “Периште” тобунун жетекчиси Райхан Абдувалиева кийинки кездери өзгөрүп, жашарып, сымбаттуу болуп калыптыр. Анда ырчынын сырын угалы.

Сымбаттуу болуунун сыры
—Ар бир чыгармачыл адам сахнада болобу, көчөдө болобу,  сынынан жазбай жүрүшү керек. Сахнада ырдоо— чоң жооперчилик. Бирок ар дайым эле сыныңды сактай албайсың. Буга чейин аракет кылып, жалаң мүнөз тамак ичип көрдүм, ар кандай дары-порошокторду ичтим. Көп компаниянын продукцияларын ичип көрдүм. Бирок алардын натыйжасы убактылуу эле болуп калып атты.Райкан Абдувалиева: “Туура тамактанганды үйрөнүп алдым”
Артист эмес ар бир адам, айрыкча, аялзаты, арыктоонун ар кыл амалын жасайт эмеспи. Мен азыркы ичип жаткан продукциямды эч нерсеге алмаштырбас элем. Эки жылдан бери бир компания менен иштешем. Алар туура тамактанганды үйрөтөт. Эртең менен жеңил тамактарды жейм. Туура тамактансаң,  адам дартынан да арылып, салмагы кошулбай, дайыма бир калыпта жүрөт экен. Спорт менен машыгам. Азыр көргөндөр мени тааныбай калып атат. Үнүмөн эле таанып калышпаса. Элдин айтуусуна караганда, жаш көрүнүп калдым. Ички дүйнөм да жашарып, секелек кыздардай болуп  калгандай сезем өзүмдү. “Сергек жашоо” клубун ачтым. Бирок мындай натыйжа өзүнөн өзү эле келе койгон жок, күн-түн эмгек, анан эрк керек. Азыр сахнадан да түшпөй, жеке бизнести да жүргүзүп, жакшы маанайда жүгүрүп жүрөм.

Чыгармачылык жана бизнес

—Жеке бизнесиңиз кандай жүрүп жатат?
—Анчалык чоң деле бизнесибиз жок, чакан эле, эл катары. Ишти баштаганда апам, бир туугандарым каржылаган.  Өндүруш жагындабыз, Нурлан, Бакыт инилерим, келиним Венера болуп чогуу иштетебиз.

—Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар?
—Чукул аралыктагы планды эле айтайын: 1-майда Алина Жетигенова концерт бергени жатат. Анын концертинде илгерки ырлардан ырдасам деп камынып турам. Өзүм да концерт берсем деген оюмда бар, клип жаздырып, ыр жаздырып атам.

—Бир кездери саясатка аралашып жүрдүңүз эле. Азырчы?
— Убагында Сагынбек Момбековго кошулуп, жаштар үйлүү-жайлуу болсун деп, Ак-өргө, Көк-Жар, Маевкадан жер берилсин деп чыккандардын арасында болдум. Ошондо чыккандардын баары жер алышты. Мен эле алган жокмун. Эмнеге алган жокмун, билбейм. Эл алса эле, ошого кубанып жүрө бергендирмин.   Азыр саясатка дегеле аралашпайм. Саясат деп чуркап жүрүп үй-бүлөм да бузулган.

—Азырчы?
—Кызым Бегимай турмуш куруп, мени Илим аттуу неберелүү кылып кубантты. Уулум жок дебейин, неберем эки жашка чыгып калды, алтындай болгон күйөө балам бар. Алар өз  турмуш-тирлиги менен алек, өз дүйнөсү бар. Москвада, Рублевкада жашашат. Мен аларга мейманга барып турам. Балдарымдан санаам тынч, оокатын кылып жатышат.

Апакай кайыңдар жана айдоочу кыз

—Райкан айым, көл тарапта өскөн турбайсызбы, Түптүн ак кайыңын сагынасызбы?
—Ак кайың арасына ойноп, суу,  каналдарды  трамплин кылып секирчү элек бала чакта. Ошол канал жакта нан бышыруучу жай бар болчу. Ошол жакта бышкан бөлкө нан абдан таттуу болор эле. Ал жерден нан бышыргандардан бөлкө сурап  жечүбүз. Азыр ошол таттуу бөлкөнү, ак кайың арасын, шар аккан сууну  сагынам.

Анан апаңыздын сөзүн укпай, ырчы болуп кетип калган экенсиз. Ал айткандай врач же юрист болсоңуз, турмушуңуз кандай болмок?
Райкан Абдувалиева: “Туура тамактанганды үйрөнүп алдым”—Боорукер врач болмокмун. Ооба, апам мени врач же юрист болосуң деп окууга жиберсе, мен андагы Пржевальскиге (Каракол) барып музыкалык окуу жайга өтүп алгам. Апам мунумду билип калып урушканда, таарынып кетип калгам. Бирок 3-4 күндөн кийин эле артыман барып, жардам берип турду. Кийин апам ырчылыгымдын да демөөрчүсү болду. Дегеле атымды элге тааныткан, ушул даражага жеткирген алтын апам болду. Өзү да жакшы ырдачу, атам комуз чертчү. 6 жашымдан комуз чертип калганым да ошондон. Кичинемден комуз черткенде, мени сабын тиштетип коюшчу. Анан мен ырчы болбогондо, ким болот?

—Тажрыйбалуу айдоочу болуптурсуз. Бирок бул тажрыйба да оңой келген жоктур?
—Ырчы кыздардын арасынан мен эң биринчи рулга олтурдум окшойт. Машинаны жаңы айдаганда рулду тегеретип кете бергенден башканы билбей жүрдүм. Тормозду теппей да койгон учурлар болду. Бир жолу машиненин глушители түшүп калыптыр. Анарбек Сардарбеков көрө коюп, “каякта” десе, “каягында болчу эле” дептирмин. Дөңгөлөк сатып алганды, алмаштырганды билбей, жарылганда талаада уктаган күндөр алыста калды. Бир жолу концертке барсак, тентек балдар глушителге чөп толтуруп салышыптыр. Машиненин эшигине мык менен жаман сөз жазып, чийгилеп кеткен учурлар кездешти. Убагында буларга ыйлагым келчү. Азыр болсо, эстеп алып күлкүм келет.

Маектешкен Айжан Айтышева  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты