Үшүк жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда күн сууктап, үшүк жүрүшү күтүлөт. 

13-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

14-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо туман түшүшүкүтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 18-23 метрге жетилиши күтүлөт.

 15-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун тоого жакын аймактарынада -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты