Баткенде ит талаган бала оор абалда

Баткенде ит талаган бала оор абалда

Бүгүн түштөн кийин Баткен районундагы Ак-Турпак айылында 8 жаштагы баланы ит талап, оор абалда ооруканага жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлиги башын, мойнун, бетин ит талаган бала түштөн кийинки үчтөр чамасында облустук ооруканага түшкөнүн, абалы оор экенин билдирди.

Аны талаган ит кутуруп кеткен болушу ыктымал. Дарыгерлер алгачкы хирургиялык тазалоо иштерин жүргүзүп, баланы кутурмага каршы эмдеди.

Баланын атасы уулу ага тамак алып келе жаткан учурда итке кабылганын айткан: “Талаада иштеп жаткам. Балам үйдөн мага тамак алып келатканда жолунан ит чыгып, тиш салыптыр. Ит качып кетиптир, таппай калдык. Шашкан бойдон ооруканага алып келдик. 3 баламдын эң улуусу, Кудайдан амандыгын сурап отурам”.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты