Кылычбек Султан: «Бул бийликти таануудан баш тартам»

Кылычбек Султан: "Бул бийликти таануудан баш тартам"Кыргызстандын Кореядагы экс элчиси Кылычбек Султан бүгүн, 12-октябрда, чет өлкөдөн баш паанек сураганын кабарлады.

Элчи Кылычбек Султан бүгүн чет өлкөдөн башпаанек сураганын фейсбуктагы жеке баракчасына жазды. “Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн башпаанек сурап кайрылдым” деп жазды Кылычбек Султан.

“Айрым адамдар мени жумуштан бошоткону жатканы үчүн пресс-конференция өткөрдү деп күнөөлөп жатышат. Мен жарым жыл президентке ТИМдеги коррупция тууралуу айтууга аракет кылгам. Андан кийин эмне болгонун көрдүңүздөр. Президентке эмне жөнүндө айтайын дегенимди мен ишенген айрым адамдар гана билген” деп жазды Кыргызстандын Кореядагы экс элчиси Кылычбек Султан. Ал мамлекет башчынын бүгүнкү жарлыгы менен кызматынан бощотулган.

https://www.facebook.com/100013148947265/posts/548394062275554/

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты