Кылычбек Султан элчилик кызматтан алынды

Кылычбек Султан элчилик кызматтан алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кылычбек Султанды Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошоткон жардыкка кол койду.

Мунун алдында президент тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди өз арызынын негизинде иштен бошоткон жардык чыгарган.

ТИМдеги мындай кадрдык өзгөрүүлөргө элчи менен министрликтин ортсундагы чыр себеп болду. Бул чырды иликтеген Коопсуздук кеңеши бир күн мурда тыянагын чыгарып, эки тараптан тең мүчүлүштүк кеткени аныкталганын жарыялаган эле.

Кылычбек Султан иштен алынгандан кийин «Фейсбуктагы» жеке баракчасына: «Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым» деп жазып чыкты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты