Жаңы мультфильмдин бетачары
- 6 лет мурун
- Маек
- “Ала тоо” кинотеатрында “Лунная девочка” (“Ай кыз”) аттуу анимациялык фильмдин бет ачары бүгүн, 12-октябрда болду.
Бул анимациялык фильм мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоосуна, жашоонун бардык чөйрөлөрүндө алардын укуктарын коргоого арналган. Ошону менен катар эле мигранттардын балдарынын тагдыры тууралуу да сөз болот. Анимациялык фильмдин максаты—укуктук сабаттуулукту жоюу, адамдарды боорукер, ак ниет болуп, мыйзамдарды сактоого арналган.
Фильм “5 пальцев” (“Беш манжа”) анимациялык студиясы тарабынан тартылып, ПРООН долбоорунун негизинде ишке ашырылды.
Сценарийин жазган Кыялбек Урмамбетов. Фильмдин бет ачарында. Сүрөттөрдү тарткан Айжан Айтышева.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!