Эрлан Абдылдаев министрликтен кетти

Эрлан Абдылдаев министрликтен кеттиЭрлан Абдылдаев бүгүн өзү тышкы иштер министри кызматынан кетип жатканын жарыялады. “Министр болуп алты жыл иштеп, өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым. Мамлекет башчысы аны кабыл алды. Кызматташтарыма, биринчи кезекте Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине ыраазылык айтам. Мага ишенип, колдогондордун баарына рахмат”, деди ал ЖМК үчүн тараткан билдирүүсүндө.

Анын бул кадамына Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султандын Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүүсү себеп болгондой. Президент Сооронбай Жээнбеков элчинин билдирүүсүн текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган эле. Катчылык кечээ иликтөөнүн корутундусун жарыялап, ТИМ системасында мыйзам бузулган учурлар болгону аныкталганын белгилеген. Анда Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталганы да жазылган.

Эрлан Абдылдаевдин билдирүүсүнө удаа эле президент Сооронбай Жээнбеков анын арызын кабыл алып, кызматтан бошотуу жардыгына кол койгону жарыяланды.

52 жаштагы Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматына 2012-жылы дайындалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты