Караколго жаңы мэр шайланды

Караколго жаңы мэр шайландыАдыл Каниметов Ысык-Көл облусунун борбору – Каракол шаарынын мэрлигине шайланды. Шаардык кеңештеги шайлоодо добуш берүүгө катышкан 29 депутаттын 18и анын талапкерлигин колдоду. Атаандашы — шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракуновго 11 добуш тийди. 41 жаштагы Адыл Каниметов буга чейин ушул эле шаарда вице-мэр болуп келген. Ал белгилүү окумуштуу, илим жана билим берүү министринин мурдагы орун басары, ЖКнын мурдагы депутаты Жангороз Каниметовдун уулу.

Каракол шаардык кеңешинде беш фракция бар. Андагы 31 депутаттык орундун 19ун «Табылга» менен КСДП ээлеп, көпчүлүк коалицияны түзөт. “Табылга” фракциясы бул шайлоого Эрлан Айсаракуновдун талапкерлигин көрсөтсө, калган фракциялар Адыл Каниметовду сүрөп чыкты.

Шаардын буга чейинки башчысы Данияр Арпачиев өз арызынын негизинде быйыл 19-сентябрда кызматтан бошотулган. Ага чейин — 31-июлда шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен шаар башчыга ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган эле. Ал шаарды өнүктүрүү боюнча мэрдин иши канааттандырарлык болбогону менен түшүндүрүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты