Дауталиева: “АРИСтеги Айтиевдин айынан кыргыз эли суусуз калганы турат”

Дауталиева: “АРИСтеги Айтиевдин айынан кыргыз эли суусуз калганы турат”Укук коргоочулар АРИСке жаңы келген жетекчи Бекболот Айтиев коррупциялык схемаларды баштаганын айтып чыкты.

Укук коргоочу Анара Дауталиева мына эми маселе четинен чечиле баштаганда, АРИСтин азыркы директору Бекболот Айтиев жасалма документтер менен тендерлерди будамайлап жатат дейт.

— Колумдагы паразит аралашкан сууну он жыл мурун Чүй облусунан Ысык-Ата районунан, таза суудан, колонкадан  алгам.

Ошондо АБР бир долбоорду ишке ашырган. Эл ушундай суу ичип жаткан. Ошондо мен эки жолу Вашингтонго Бүткүл дүйнөлүк банкка, Азия банкына барып, кыргыздын таламын талашып, “мындай суу ичпейбиз, бизге башкача келип, башкача сунуш кылгыла” деп айткам.

Ошондо алар мени да угуп, таза суу чыгарып беришкен.

Азыр биздин портфелде 94 млн доллар бар, 115 айыл, 300 миң киши суу ичет. Мурдагыдай болбой, эл колонкалардан суу ичип калды.

2018-жылы жаңы аткаруучу директор Айтиев Бекболот Баратович келди. Ал коррупциялык системаны баштап жатат.

АРИСтин 52  кызматкери мындай иштерге аралашпайбыз деп жумуш таштап кетишти. Бул эмгек талашы эмес, эки кишинин колун жасап, подрядчыларга башка электрондук адрес менен “тендер болбой калды” деп кат жазып жиберген, колубузда документ бар.

Чындыгында тендерди өткөрүшкөн. Коррупциялык схема башталган, алар коррупциялык схемага мүчө болбойбуз деп жумуш таштады. Мен Президентке, ЖК, Премьер-министрге, 6 фракцияга кат жаздым.

Эми суусуз калтырбагыла деп. Анткени, коррупциялык схемалар болуп кетсе донорлор кайра акчасын алып кетип калат. Бакиевдин убагында 2010-жылы 20 млн долларды Азия банкы кайра кайтарып кеткен.

Азыр эки донор 50 млн. анан 20 млн беребиз деп жатат. Айтиевдин айынан кыргыз эли суусуз калат деп коркуп жатам.

Ушул эле маселени Жогорку Кеңеште Жогорку Кеңеш депутаты депутат Каныбек Иманалиев дагы көтөрдү. Ал айылдарды таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашырып жаткан  “Ала-Тоо булагы” долбоору үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кептелгенин айтты.

Анын маалыматына караганда, буга чейин ишке ашырылып келаткан долбоорлорду каржылоо анын жетекчисинин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнөнбү же шалаакылыгынанбы, айтор, токтоп, 14 млрд сомдук иш үзгүлтүккө учураганы жатат.

Буга байланыштуу 52 инженердик кадр ишташтап жатканы дагы бекеринен эмес. Эл өкүлү эл аралык уюмдар аталган долбоорду каржылоодон баш тартышы мүмкүн деп айтып чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты