Илбирс терисин жамынган киши табылды

Илбирс терисин жамынган киши табылдыИлбирс терисин жамына түшкөн сүрөтүн жарыялаган киши табылганын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Ал Ош шаарынын Алымбек Абдыкалыков аттуу тургуну болуп чыкты. Агенттик кызматкерлери менен сүйлөшүүдө ал бул сүрөт 2014-жылы Казакстандын Алматы шаарында тартылганын айткан. “Ошол жылы Москвадан Алматы аркылуу келатып, бул шаардагы досумдун үйүнө кайрыла калгам. Анын үйүндө илбирстин териси бар экен, сүрөткө түшө койгом. Кийин үйгө келгенден кийин социалдык тармактарга жайгаштыргам”, — деп айткан Алымбек Абдыкалыков. Агенттик тараткан маалыматта ал бул кылыгына абдан өкүнүп турганын, эми мындай ишке барбасын билдиргени да айтылат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги эки күн мурда илбирс терисин жамына сүрөткө түшкөн белгисиз адамга чара көрүү боюнча кайрылуулар түшкөнүн жарыялап, аны табууга көмөктөшүүнү суранган. Агенттик бул адамды табуу боюнча ИИМге да расмий кат жолдогон эле.

Кыргызстанда өкмөттүн токтомуна ылайык, 2017-жылдан бери илбирсти мыйзамсыз кармагандарга 1,5 миллион сом айыппул салынат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде бул жандыкты туткандар же аткандарды эки жылга чейин жатак абакка кесүү, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты