Сот аялдар жыйыны

Сот аялдар жыйыныБүгүн, 12-октябрда, Чүй облусунун Бурана отелинде «Аял соттордун кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмесинин “Киши сатууга байланыштуу кылмыштан жапа чеккен адамдардын сот адилеттигине ээ болуусу” деп аталган конференция ачылды. Ал эртең да уланат.

Жыйында 2014-2017-жылдардагы иликтөөлөр тууралуу маалыматтар берилет. Маалыматтар КР Жогорку сотунун жана Борбор Азия Кылмыш боюнча укук адилеттүүлүгү программасынын колдоосунда  “Аял соттордун кыргыз ассоциациясы” тарабынан жыйналган.

Конференцияга аталган ассоциация мүчөлөрү ( Жогорку сот судьялары, Жогорку жана жергиликтүү соттордун конституциялык палатасынын  соттору), ЖК депутаттары, Баш прокуратура, ИИМ жана Адвокатура өкүлдөрү катышууда.

Айта кетсек, “Аял соттордун кыргыз ассоциациясы”  ассоциациясынын коомдук бирикмеси 2015-жылдын февраль айында түзүлгөн жана анда 22 сот мүчө болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты