Балыкчы-Кочкор темир жолу курула турган аймакта байыркы коргондор табылды

  • 2 года мурун
Балыкчы-Кочкор темир жолу курула турган аймакта байыркы коргондор табылды

Балыкчы-Кочкор темир жолу курула турган аймакта байыркы коргондор табылды. Бул тууралуу 26-июлда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Боз-Бармак тоо кыркалары аркылуу жер астындагы трассанын өтүүсүн долбоорлоодо оюк түрүндөгү байыркы коргондор табылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул табылган коргондорду археологиялык эстелик жана тарыхый-маданий мурас объекттери деп аныктаган.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы объекттерди сактоо режимин камсыздоо жоопкерчилигин өзүнө алып, дөбөлөрдүн абалын археологдор менен бирге талкуулап, аларды казууну жана кайра көмүүнү каржылоо чечимин кабыл алганы айтылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты