Мугалимдик кесипти тандаган студенттердин стипендиясы көбөйтүлөт

  • 2 года мурун

Кыргызстанда педагогикалык кесипти тандаган студенттерге берилчү стипендиянын көлөмү көбөйтүлөт. Бул тууралуу 25-июлда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында жасалууда. Ага ылайык, отличниктерге 1-курста 1000 сомдон, 2-курста 2000 сомдон, 3-курста 3000 сомдон жана 4-курста 4000 сомдон төлөп берүү каралууда.

Министрлер кабинети министрликтин бул сунушун бир добуштан колдоду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты