Чок-Талда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен баасы 6,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 2 года мурун

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 6,5 миллион сомдук 10 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 8-сентябрында Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен Чок-Тал айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан 10 га жайыт жер тилкеси жеке жарандын менчик укугу болуп таанылып, “Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан мамлекеттик актысы берилип, андан соң жарандык бүтүмдүн негизинде  үчүнчү тарапка  өткөрүлүп берилген.

Жогорудагы соттун чечимине карата Ысык-Көл райондук прокуратурасы апелляциялык сунуш келтирип, Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен райондук соттун чечими жокко чыгарылган.

Сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгаруу жана 6 млн 577 миң сомго бааланган 10 га жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан прокурордук актылар келтирилип,  аларды кароонун натыйжасында жер тилке Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты