Москвада жол кырсыгын жасаган айдоочуга өкүм чыкты
- 6 лет мурун
- Баяндар
Москва шаарынын Тверь соту ал жактагы кырсыкка учураган таксистке өкүм чыгарды.
Сотто күнөөкөр Чынгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Россиялык маалымат булактарынын билдирүүсүнө караганда, таксист Чынгыз уулу Анарбекти бир жарым жылдык кара жумуш жасоого буюрду жана үч жылга машина айдоо укугунан ажыратты. Чынгыз уулу жабырлануучуларга 500 миң рубль төлөп бермекчи.
Белгилүү болгондой, Чыңгыз Анарбек уулу, Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган. 16-июнда Москва шаарынын Ильинка көчөсүндө такси айдап бара жатып, жолдон чыгып кетип, жөө бараткан жети кишини койдуруп кеткен. Алардын арасынан бир адамдын абалы орто, калгандарынын ден соолугу канаттандырарлык деп айтылган.
Таксист болуп Россияда легалдуу иштеп жүргөн. Бул кадимки эле жол кырсыгы экендигин айтылууда. Жол кырсыгынын күнөөкөрү Чыңгыз Анарбек уулу 20 саат уктабай иштегенин, андан мурдагы күнү эки саат эле уктагандыктан, көзү илинип кетип, газ менен тормозду адашып басып алганын айтып берген.
Сүрөттө: кырсык болгон учурда.