Кыргызстанга жыл башынан бери 4 миллионго жакын турист келди

  • 2 года мурун

Жыл башынан бери Кыргызстанга 3 млн 823 миң 706 турист келди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 25-июлда маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, туризмден быйыл 4 млрд 332,4 млн сом пайда түшкөн. Бул ИДПнын 2,9% түзөт. Анын ичинен туристтик кызмат көрсөтүүдөн — 49,5 млн сом, инвестициядан — 584,8 млн сом, туристтик ташуулардан — 1 млрд 932 сом, соода-сатыктан — 3 млрд 901,3 млн сом, тамак-аштан — 1 млрд 717 млн сом, туристтк агенттиктерден — 291,6 млн сом түшкөн.

2021-жылы июль айына карата өлкөгө 1 млн 852 миң 412 турист келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты