Саякат чыры Мамытованы да алып түштү

Саякат чыры Мамытованы да алып түштүЭмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетти. Өкмөттүн маалымат кызматы  ал өз арызына ылайык кызматтан бошотулганын, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ушундай буйрукка кол койгонун кабарлады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева «Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын текшерүү зарыл» деп билдирген. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн.

Мындан кийин Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке иштери үчүн колдонгону аныкталганын билдирген.

Ушул эле күнү эртең менен президент Сооронбай Жээнбеков эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованы өз арызынын негизинде кызматынан бошоткон жардыкка кол койгон.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты