Эне. Тоолор жана Калмурат
- 7 лет мурун
- Блог
Маркум, обончу досум Калмурат Рыскуловдун эжесине телефон бурадым. Бактыгүлгө. Калмураттан улам жакшы таанычумун. Көп көрүшкөнбүз. Адамдарды жакшы түшүнө билген, эстүү адам. Мен чалалбай атып, жөн эле койсомбу деп атып, же кийин чалсамбы деп атып, айтор, акыры чалдым. Мен бул жолу Калмурат жөнүндө эмес, Атам туурасында уккум келип чалдым. Буга чейин антип ойлопмунбу! Өзүм менен жашташ Бактыгүлдү атамды билет депминби! Бирок бир жылдан бери алардан да сураса болоорун билбедимби. Калмурат менен ыры менен эле эмес сыры менен да бирге, жакын, тагдырлаш экенибизди билбедим беле. Бир жыл болуп баратат, капыстан бир адам: “Калмураттын атасы атаңды өлтүргөндүн бир тууганы…” дегенине. Бактыгүл эстүү жан. Ал да сезди. Мен бир нерсе сурап чалганымды туйду, телефондун артынан, аркы учунан. Бирок ал мени менен илгертен бери эле жолуккан сайын, сүйлөшкөн сайын “аярлап, абайлап” сүйлөшчү экен да. Көрсө, ал бала кезинен эле баарын билчү экен. Бала кезимен мен кайгырган окуяларга ал да түйшөлүп чоңойгон экен. Ошентип өсүшкөн экен, Калмураттар… Маркум энеси Жолдошева Кубул апа, мага аяш эне болуп, “келегой” деп чоң аякка ысык сүт куюп берчү апа балдарына баарын айтып берчү экен… “Жеңиштин энеси, туугандары эстүү жандар болсо керек, эки достун ортосуна доо кетпесин деп жаман эмес жакшы сөздөрүн айтышат тура” дечү экен Кубул апа. “Апам да, Калмураттын бир туугандары, биз дагы сага ыраазы болчубуз, сенден “бөлөкөч” сөз чыкчу эмес, баарысын билип туруп сыр бербей жакшы мамиле кылат дечүбүз” дейт Бактыгүл. Деп атса, ойлорум бир туруп эзелки күндөргө, бир туруп студенттик Какенин күндөрүнө учат… Сыр каткан күндөргө “кантем анан” деп акырын онтоп коет көңүлүм. “Бир жылдары сен Калмуратты Кош-Дөбөгө ээрчитип кетип жүрбөдүңбү, ошондо апамдын сары санаа болуп, тынчсызданганын айт. Бир нерсе болуп сөз козголуп кетип айылдаштары бирдеме кылып коюшпас бекен, же Жеңиш деле ойго алдырып жаман айтышып калышпайт бекен деп аябай камтама болчу” дейт Бактыгүл. “Мен кошо сары санаа болчумун” дейт Бактыгүл. Деп атса Каке экөөбүздүн Кош-Дөбөдөгү, Ак-Мойнок, Бычандагы керемет күндөрүбүздү ойлойм. Ат чапканыбызды, эшек мингенибизди, чалгы чаап, балык кармаганыбызды ойлойм. Тоодогу, жылдызга жакын тоолордогу түндөрдү, чатырда уктаганча күрөшкөнүбүздү, апамдын казанда нанын, каймагын жеп болуп, комуз укканыбызды, жакшы учурду кантип кармап калсак деп калп эле кырларды карап кыйкырганыбызды, төш чөнтөктөн түшпөгөн бир дептерге жазганыбызды, кирдедик деп үймө чөптүн далдоосуна барып тоолорго гана “көрүнүп” кирингенибизди кантейин… кайдагы “жаман ой” эле, кайдагы санаа эле, кашайгырдыкы!
***
Бактыгүл: “Апамдын жок экенин карачы, болбосо баарын айтып бермек, апам айтчу: — Кайын агам андай ишке бармак эмес, аны башкарманын жанындагы айрым адамдар атайылап тукурган, — деп айтчу. Бир кишилердин аттарын айтаар эле, унутуп жатпаймынбы…” — Силер ошол кезде кай жакта жашачу экенсиңер? дейм. “Учкун” деген айылда. Атам Бекжанаалы ошол айылда милиция болчу. Апам: — Бир жолу уктап атсак түндөсү эле үйдүн айланасында топурап бирөөлөр жүрөт. “Булар кимдер” деп Бекжанаалы эшикке чыкса бир топ милициялар үйдү акмалап, аңдып келишкен экен. Анан алар ошол түнү эле Бекжанаалыны районго алып кетишти. Мен ичимен: эми өзүнүн кесиптештери жамандык кылышмак беле деп көп сары санаа болгон эмесмин. Көрсө, ошол күнү каргаша окуя болуп, кайын агам Токтонаалы “Жеңиштин” башкармасын атып салган экен. Милициялар: иниси да ал ишке аралашкан эмеспи деп ошол үчүн аңдып келишкен экен. Ошентип, ошол окуядан кийин эле Бекжанаалыны милициядан чыгарып коюшту, — деп апам айтып берчү бизге”
Айтор, биз ушинтип сүйлөштүк. Мен Женевадан, ал Ак-Талаанын “РТС”ынан. Сөздөр токтоп калат, үндөбөй калат кээде. Ушул сөзгө ушинтип чоло тийдиби, ушул сөздүн сааты ушинтип чыктыбы дейт ортодогу аралыктар… “Эмне кыл дейсиң!” дейм мен терезени ачып, тээтигинде көрүнгөн Франциянын тоолорун карап. Ушинтип сааты чыкты, а балким анын сааты таптакыр чыкпай калгандачы дейм… Калмурат дегенде анын ырынан бөлөк эч сырын билбей калганымдачы дейм… Аралыктан аралыктарды аттап, күндөрдөн күндөрдү кечирип жүрө бермекпиз. Өмүр улана бермек. Эч нерсе өзгөрмөк эмес. Эч нерсе. Болгону сандыкта катылган эски сүрөттөр, ошондогу күлмүңдөп караган көздөр, андагы эски булуттар муңайым, сырдуу көрүнүп, жаайын деп жаай албай тургансып, ыйлайын деп ыйлай албай тургансып тура беришмек. Тура беришмек…
“Мен бир нерсени айтып коеюнчу Жеңишбек!” деди Бактыгүл аягында. “Мен сенин алдыңда күнөөлүү болгонсуп олтурам. Керек болсо биздин тукум үчүн кечирим сурайм. Бирок кийинки муундар, биз, эч нерсеге күнөөлүү эмеспиз. Колу менен жасагандар аркы дүйнөдө жооп берип жатышкандыр” деди. Дирилдеп, бириндеп көңүл, чын, таптаза жүрөгүм менен Бактыгүлгө чын ыклас, ниетимди айттым. Мен дагы сага чаламын, барганда жолугамын, ансыз да тоскоолу, кири, азабы көп турмуштун жолун тазалаймын, жүрөктүн жолун тазалаймын, көңүлдү агартып, келечекке жаман ой калтырбаймын, сага мурдагыдай тууган болом дедим. Жок дегенде кургур булбул Калмурат үчүн!
Жеңишбек Эдигеев