Кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушту

Кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугуштуБүгүн Дүйшөмбү шаарына иш сапары менен барган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады. «Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер достук жана коңшулук негизинде курулат. Эки бир тууган элдин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо эки республикада жашаган жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган», — деди тажик өкмөт башчысы.

Мухаммедкалый Абылгазиев болсо Кыргыз Республикасы Тажикстан менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө зор маани берерин белгиледи. «Быйылкы жылы болуп өткөн эки мамлекеттин Президенттеринин үч жолугушуусу кыргыз-тажик кызматташуусун бардык тармактарда өнүктүрүүгө оңтойлуу дем берди. Мен байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо эки өлкө менен анын элинин улуттук кызыкчылыктарына дал келерине ишенем. Биздин республикалардын ортосундагы товар жүгүртүүнү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйтүү — биздин туура жолдо бара жатканыбыздын ачык далили», — деди Абылгазиев

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчылар өкмөттүк делегацияларга кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерин активдештирүүнү жана алардын жолугушуусун жакынкы арада өткөрүүнү макулдашты.

Эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин жолугушуусу 12-октябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында өттү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты