Мамкурулуш агенттиги Таш-Дөбө айыл аймагы таза суу менен камсыздаларын убадалады

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Таш-Дөбө айыл аймагы таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Жентелиев, Аламүдүн районунун акиминин орун басары Абдугулов Таш-Дөбө айылынын тургундары менен жолугуп, ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Таш-Дөбө айылынын жаңы конушун суу менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен 1 миллион сом каралганы белгилүү болду.

«Бүгүнкү күндө Таш-Дөбө айылынын 32 га жаңы конушунун суу менен камсыз кылуу үчүн Таш-Дөбө айыл өкмөтү Чүй аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен биргеликте долбоорлоо үчүн керектүү документтерди даярдайт. Бардык керектүү документтер даяр болгондон кийин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы долбоордук-сметалык документтерди түзүүгө тендер жарыялайт,» — деп айтылат маалыматта.

Мунун менен бирге айылдагы суу түтүктөрүн дебет менен камсыз кылуу үчүн скважинаны бургулоого документтер даярдалып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, 22-июлда Таш-Дөбө айылынын тургундары таза суунун тартыштыгын айтып, нааразычылык акциясына чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты