Мамлекеттик тилдүү билүү — милдет

Мамлекеттик тилдүү билүү - милдет11-октябрда Бишкекте башталган КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин бешинчи съездинин ачылышында сөз сүйлөгөн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тил маселесине да токтолду.

“Кыргызстандын бардык жарандарынын мамлекеттик тилди билишин мамлекеттик маанидеги милдет деп эсептейбиз. Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары улуттук баш коштуруунун милдетин өтөөгө тийиш. Кыргызстанда өлкөдө жашаган бардык улуттардын тилдерин, салттарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мамлекетибиздин Конституциясында жарандарыбыз мамлекеттик, расмий жана дүйнө тилдеринин бирин билүү принциби бекитилген. Кыргызстанда орус тилине расмий статус берилген. Кыргызстан жарандары Пушкиндин жана Достоевскийдин тилинде эркин сүйлөгөн өлкөлөрдүн бири.Биз муну коомубуздун руханий байлыгы деп эсептейбиз. Бул мурасыбызды биз сактап жана бапестөөгө милдеттүүбүз», — деди президент.

Кыргызстанда буга чейин мамлекеттик тилге кайдыгер мамиле жасалып келгени белгилүү. Айрым серепчилер президенттин бул сөзүнөн кийин эми өлкөдө мамлекеттик тилге мамиле өзгөрөрүн боолголоп жатышат. Кыргыз тили 1989-жылы мамлекеттик тил макамын алган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты