Чүйдүн Чым-Коргон айылында «Хан Жантай» атындагы жаңы стадион курулду
- 2 года мурун
Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылында «Хан Жантай» атындагы стадиондун ачылышы өтөт.
Стадион Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги Бабан Сыдыгалиевдин демөөрчүлүгү менен курулду.
Курулуш иштери 2021-жылдын 11-февралында башталып, ушул жылдын 23-июлунда аяктады.
«Стадионду айыл өкмөтүнө белек кылабыз. Бул жакта Чым-Коргон жана Самансур айылдарынын тургундары үчүн спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонуна айылдыктар менен бирге кубанып турган убагыбыз», — деди Сыдыгалиев.
Стадиондун эки бөлмөсүндө алты душ, туалет орнотулган, директордун кабинети, кампасы бар.
Муну бөлүшүү