Исаев ИИМге кайтып келди

Исаев ИИМге кайтып келдиИчки иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талантбек Исаев бул кызматка кайрадан дайындалды. Исаевди дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Талантбек Исаев аталган кызматты 2014-жылдан 2017-жылга чейин жетектеп келген. Былтыр бир тууган иниси Канатбек Исаев камакка алынгандан кийин кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген шек менен өткөн жылы камакка алынып, быйыл кайра акталып чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты