ТИМдин кемчилигин прокуратура иликтейт

ТИМдин кемчилигин прокуратура иликтейтКоопсуздук Кеңеши Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын ТИМдеги кемчиликтер, коррупциялык иштер боюнча мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жазган катын жана Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин жүйөсүн текшерүүнү буюрган.

Коопсуздук Кеңеши элчи Кылычбек Султандын жана Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин жүйөсүн текшерип чыкты жана министрликтеги олуттуу кемчиликтер орун алганын билдирип, ишти тергөөнү Башкы прокуратурага тапшырды.

“ТИМдеги текшерүүнүн болжолдуу жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлигинд олуттуу көйгөйдүн бири-так кадр  саясатынын жөнгө салынбаганлыгы экенидигин белгилдеи. Анын негизинде министрликтин кызматтык мүнөздөгү документтеринин сыртка чыгып турушу болуп калды” деп айтылат.

Текшерүү учурунда элчи Кылычбек Султан тарабынан кетирилген кемчиликтер да аныкталды. Ал жана анын үй-бүлөсү 2019-жылга чейин аккредиттелген Малайзиядагы карточкасын тапшырган эмес.

Кылычбек Султан  КР Тышкы иштер министрлигинин  элчилик менен кат алышуусун социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жайгаштырып, мамлекеттик кызматкердин расмий документтер менен иштөө тартибин одоно бузган.

Кореяда элчи болуп туруп Кылычбек Султан резиденцияда эмес, узак убакыт бою мейманканада жашаган, бул финансылык тартипти бузуу болуп саналат. Ал Кореяда элчи болуп иштеп жүрүп Малайзияга жеке сапарга чыгып турган.

Дипломатиялык кызмат тууралуу мыйзам боюнча элчинин жубайы аны менен бирге чет өлкөдө жашап жатса, ага айлык акысынна 30 пайызы кошулуп берилет. Бирок Кылычбек Султан жубайынын Кореяда бирге жашап жаткандыгын тастыктабай туруп, кошумча  30 % каражатты, жалпы суммасы 6,5 мин доллар алган.

Бул фактылар прокуратурага тергөө үчүн жиберилет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты