Күн сууктайт

Күн сууктайт

Кыргызгидромет борбору алдыдагы күндөрдөгү аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

12-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

13-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

14-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо туман түшүшүкүтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты