Уландан калган Белек

Ушул жайда күтүүсүз кырсыктан ажал тапкан маркум иликтөөчү журналист Улан Эгизбаевдин кечээ жарыкка келген уулуна Белек деген ысым ыйгарылды. Экс-президент Роза Отунбаева бүгүн Уландын уулун коруп, эки эненин кубанычын тең бөлүшүү менен жылуу тилектерин арнап кайтты.

Уланбек Эгизбаевдин артында калган келинчеги Сапаргүл Абдинабиева кечээ Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде уул төрөгөн.

Дарыгерлер баланын да, эненин да абалы канааттандырарлык экенин билдирүүдө.

Ири коррупциялык иштерди иликтеген телеберүүлөрү менен элге таанылган журналист Уланбек Эгизбаев өткөн июль айында Ысык-Көлдө каза тапкан. Расмий маалыматта ал сууга чөгүп каза тапканы айтылган.Уландан калган Белек

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты