Таза суу долбоору токтогону жатат

Таза суу долбоору токтогону жататДепутат Каныбек Иманалиев айылдарды таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашырып жаткан  “Ала-Тоо булагы” долбоору үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кептелгенин бүгүн, 11-октябрда, ЖК жыйынында айтты. 

Анын айтымында, буга чейин ишке ашырылып келаткан долбоорлорду каржылоо анын жетекчисинин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнөнбү же шалаакылыгынанбы, айтор, токтоп, 14 млрд сомдук иш үзгүлтүккө учураганы жатат. Буга байланыштуу 52 инженердик кадр иш таштап жатканы дагы бекеринен эмес. Эл өкүлү эл аралык уюмдар аталган долбоорду каржылоодон баш тартышы мүмкүн деди.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев “Ала-Тоо булагы” долбоорунун Кербендеги долбоору боюнча тургундардан көптөгөн нааразычылыктар келип жаткандыгын дагы көтөрдү.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты