Референдум сабактары же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

(Башы гезиттин  өткөн  санында)

Референдум сабактары же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

Өлкөнү  “жиндичиликтен коргоо” деген сөздүн маанисин бул макаланын баш жактарында,  гезиттин өткөн сандарында чечмелеп жаздым эле. Макала улам уланып, сандан санга карай кетип бара жатканынан улам  аны окубай калган окурман түшүнбөй, же башкача түшүнүп калбашы үчүн дагы бир жолу кайталап коюу туура болот го.

Жиндичиликтен коргоо дегенди   —  биз бийлик кумарына мас болгондорду  соолуктуруучу, аларды  элирип же эсирип кетүүдөн токтотуучу,  “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендей кыял-жоруктун  эл-журтка болгон кесепетин азайтуучу,  чийинден чыгып бара жатканынын тизгинин тартып кайра ийге салып туруучу, калыптан чыгарбай кармап туруучу  мыйзамдык жана коомдук тосмолорду түзүү, аларды турмушка ашырып туруучу механизмдерди жаратуу деп түшүнөлү.  Коомду тазарта турган, бийликти тазарта турган жол деп түшүнсө да болот.
Ушул өңүттөн алып караганда айтылып жаткан көйгөйдүн чордонунда Сот түзүмү, прокуратура, милиция жана коопсуздук кызматы, ошондой эле шайлоо түзүмү тураарын,  өлкөдө “жиндичилик” болбой, акыйкат башкаруу болуп,  коом таза жолдо өнүгүшү үчүн ушул мамлекеттик органдарынын  ишмердигин реформалоо өтө  зор мааниге ээ боло турганын, бул багыттагы азыркы мезгилде учурлаш маселелерди макаланын буга чейинки бөлүмдөрүндө  кеңири талдап, өткөн мезгилден сабак алуу маселесин да көтөрүп келдик.
Сөздү уласак кезек Баш мыйзамга ылайык “…эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп…” саналган элге келип жетти. Мамлекеттик түзүмдү аныктап турган Конституциянын Биринчи бөлүмүнүн Экинчи беренесинде мына ушундай деп аныкталган – бийликтин бирден-бир булагы ЭЛ. Бирок ошол ЭЛ өз бийлигин кандай жол менен ишке ашырат деген суроого  келгенде эч кандай тактык жок. Болгону шайлоо, референдумга катышуу менен, анан мамлекеттик жана жергиликтүү органдар аркылуу деп гана жазылып турат.
Ал эми ошол эл шайлаган бийлик чектен чыгып, биз жогоруда аныктагандай “жиндичиликке” баш уруп, элдин пикири, элдин кызыкчылыктары менен эсептешпей, теңирден тескери жакты карай  кетсе кандай болот?
Бул суроого биздин Конституцияда так жооп жок. Ал эми ошол эле Америка Кошмо Штаттарынын  1776-жылкы “Көзкарандысыздык жөнүндөгү” Декларациясында  “…эгерде кандайдыр бир мамлекеттик түзүм жарандардын укуктарын буза турган болсо, анда эл ал түзүмдү өзгөртүүгө же жоюп салууга укуктуу, ошондой эле элдин коопсуздугун жана бакубат жашоосун камсыз кыла тургандай мамлекеттик түзүмдү курууга элдин укугу бар, ошондой эле элди абсолюттук деспоттук баш ийдирүүгө болгон аракеттер байкалса, анда эл өзүнүн келечек коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындай өкмөттү кулатууга укуктуу...” деп ачык эле жазылган.  Ошондой эле француздардын  1789-жылы кабыл алынган “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” Декларациясында  каршылык көрсөтүү укугу  жеке менчикке жана коопсуз жашоого болгон адам укуктары менен катар эле негизги табигый укуктардын катарында экендиги жазылган. А түгүл 1793-жылы бул укук дагы кеңейтилип, ага “…элдин суверенитетин басып алган киши эркин жарандар тарабынан өлүмгө буйрула турганы…,  бийликтин эзүүсүнө  каршылык көрсөтүү адамдын табигый укугу экендиги, …коомдун кандайдыр бир жалгыз мүчөсүн куугунтуктап эзүү коомдун бардык мүчөлөрүн куугунтуктап эзүү болуп санала тургандыгын, … өкмөт элдин укугун тебелеген учурда көтөрүлүшкө чыгуу анын ыйык укугу гана болбостон, токтоосуз ишке ашырылуучу милдети  экендиги...” так жазылып толукталган экен.
Укук тармагындагы  эл аралык адистердин айтымында, АКШ менен Франциянын негизги укуктук документтеринде ачык жазылган “каршылык көрсөтүүгө жана көтөрүлүш жасоого” болгон элдин укугу “бийликтин бирден-бир булагы эл” деген укуктук ченемден келип чыгат, ошол ченемден туунду болуп саналат.  Ошондуктан көпчүлүк мамлекеттер бул жагдайды толук Баш мыйзамга ачып көрсөтүшпөйт. Бирок элдин көтөрүлүшкө болгон укугун таанышат. Ушундай түшүндүрмө беришет.  Мына ушундан улам 2005-жылкы март революциясында жана 2010-жылкы апрель революциясында кыргыз элинин Акаевдин үй-бүлөсү, анан Бакиевдин үй-бүлөсү орноткон авторитардык  үй-бүлөлүк-кландык бийликтерди кулатуу үчүн көтөрүлүшкө чыгуусу эч кандай жапайылык эмес, эч кандай чектен чыгуу эмес экендигин, эки революция тең кыргыз элинин өзүнүн табигый укуктарынан түз пайдалануусунун  гана мисалы экендигин көрүп турабыз. Башыбыздан өткөргөн  эки революциянын түздөн-түз сабагы катары кийинки Конституциялык реформада биз деле элдин “каршылык көрсөтүүгө жана көтөрүлүшкө чыгууга” болгон укуктарын Баш мыйзамга так жазып койгонубуз туура болчудай.  Бул эми келечектин иши. Ал эми азыркы күндөрдө ошондой революциялык кырдаалга коомду жеткирбей, ага чейин эл өзүнүн укугун кандайча пайдалана алат, кандай жол менен бийлик бутактарын тизгиндеп, токтотуп, туура жолдо кармап тура алат деген суроо өтө учурлаш суроого айланып калды.
Референдум сабактары же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндөЭл өз укугун кантип пайдалана алат, өз бийлигин кандайча турмушка ашырат деген суроолорду талдоодон мурда, биз  “ЭЛ деген эмне, ЭЛ деп эмнени түшүнөбүз?” – деген суроого жооп издешибиз туура. Жөнөкөй, анча мааниси жок көрүнгөнү менен бул суроо өтө терең экен. Бир чөлкөмдө же бир өлкөдө жашап жаткан тургундарды жалпы жонунан ЭЛ деп айтууга болобу?  Көрсө болбойт экен. Биз ЭЛ деген бийик сөздү, КАЛК деген кадыресе сөз менен алмаштырбай колдонуубуз  зарыл экен.  Бир чөлкөмдө, айыл же шаарда жашаган тургундар ошол жердин калкын түзөт.  Орусча “население” деп айтылат. “Население” деген түшүнүк менен “Народ” деген түшүнүктү,  “местное население” же “местные жители” деген түшүнүктөр менен “местное сообщество” деген түшүнүктөрдү айырмалоо дагы зарыл.
Айтылып жаткан сөз түшүнүктүү болушу үчүн мисалга өтөйүн. Салмоор Дыйканов деген кыргыздын ойчул инсаны бар, бир топ терең мазмундагы китептердин автору. Өзүнүн “Кыргыз түзжаса” деген китебинде Дыйканов: “Тетиктерди бир жерге үйүп койсоң эле ал өзүнөн өзү машине болуп калбайт, же туш келди чогултсаң ал иштебейт, машине болуп. Ал тетиктерди билген уста туура чогултса, ар бир тетикти өз ордуна жайгаштырса  гана  ал  машине  болот, иштейт” — деп жазганы бар. Ошол сымал эле адамдардын бир жерде, бир көчөдө же бир айылда жашап турушу менен эле жамаат, коомдоштук түзүлбөйт экен. Алар ар кимиси өз түйшүгү, өз кайгысы,  өз көйгөйү менен өзү болгон жергиликтүү тургундар болуп эле кала беришет. Жергиликтүү тургундар (местное население) менен жергиликтүү жамааттын же коомдоштуктун (местное сообщество) айырмасы асман менен жердей. Жергиликтүү тургундар жанагы бир жерде чогуу жыйылып жаткан тетиктердей эле. Жамаат же коом түзүлүш үчүн ошол адамдар биригип, бир эрежеге баш ийип жашашы керек, тирлик, маданий жана башка муктаждыктарын  биргелешип чечүү мүмкүнчүлүгү  болушу керек, өз ара каралашуу, жардамдашуу, жамандык-жакшылыкта бирге болуу шарттары  калыптанышы керек. Башкача айтканда, бир эрежеге баш ийип, жалпы кызыкчылыктарды коргоодо биргелешип аракеттенип, өз алдынча уюшуу жана башкаруу түзүмдөрү болгондо гана тетиктер жыйналып машине куралгандай эле, тургундар жыйылып жамааттарды, коомдоштуктарды түзөт экен.
Салмоор Дыйкановдун дагы бир салыштырмасы бар. Ал жапайы өрдөктөр менен колдогу бакма өрдөктөрдү салыштырат. Чынында эле сырткы кейпинен анча айырмаланбаган өрдөктөрдүн жашоо ыңгайында айырмачылык абдан эле чоң. Жапайы өрдөктөр үйүрү менен жашайт, аларды баштаган баш өрдөгү бар. Кайсы жерге жайлайт, кайсы жерге кыштайт, качан жумуртка басып балапан чыгарат, качан учушат, кайсы жол менен учушат – баары белгилүү, табигат берген купуя күч аларды бириктирип, бир жамаат кылып кармап турат. Баш өрдөктү атып салса, башка өрдөктөр туш-тушка тарап учуп кетишпейт, дароо эле кийинки бирөө баш өрдөктүн ордун ээлеп, тирлик ыңгайын жоготпой жашай беришет.  Учканда да алдыга алдуу-күчтүү өрдөктөр учушуп, үч бурчтук болуп тизилип аба жиреп, арт жактагы чабал, анан жаш өрдөктөргө шарт түзүп, кам көрүп  учушат.
Ошол эле учурда,  короодогу бакма өрдөктөрдү алалычы. Аларда баш өрдөк жок, табигат берген жашоо ыңгайын жоготуп, толугу менен кол карап жашоого көнүп калышкан. Жем берсе алдуусу алсызын түртүп, чокуп четке кубалап, өздөрү жемдин көбүн жейт. Бакма өрдөктөрдүн бир гана көйгөйү – бул жемсөөсүн толтуруу. Үйүр жок, жамаат жок. Өрдөктү ээси карап, жем берип бакпаса кырылып калат.

Салмоор мырза бул салыштыруулардан төмөнкүдөй тыянак чыгарат: “Адамдар улам барган сайын Жараткан берген кутун жоготуп, миңдеген жылдар элди эл кылып сактап келген ички эрежелерден кол жууп, бара-бара бакма өрдөктөрдүн кейпине түшүп баратат. Бир айылда же бир шаарда туруп, бирдиктүү эреже менен коомдошуп жашабаган адамдар бакма өрдөктөрдөй эле  ар ким өз түйшүгү менен алек болуп, ар ким өз курсагынын камын жеп гана жашайт. Мына ушундай жекечил турмуштун айынан жалпы нарк, элдин пейили бузулуп, тартип жоголуп, адам менен адамдын ортосунда сый жок, улуудан урмат, кичүүдөн ызат кетип калды”.
Айтылган мисалдар  “ЭЛ” деген түшүнүк менен “КАЛК” деген түшүнүктүн айырмасы бар экендигин так көрсөтүп турат.  Мына ушундан улам  Ала-Тоо журтубузда жашаган калкты бириктирип, бир элге айлантуу зарылдыгы турат. Ошондой эле аймакташ жашаган айылдын же шаардын тургундарын бириктирип, экономикалык, маданий, тирлик жана башка маселелерди биргелешип чечүүгө, ошол аймактагы калктын жалпы кызыкчылыктарын биргелешип коргоого мүмкүнчүлүгү бар жамааттарга жана коомдоштуктарга айлантуу маселеси турат.  Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жашаган калк бир бүтүн элди түзбөйт, эл болуп калыптана элек али, айыл-шаарларда жашаган калк дагы жергиликтүү жамааттарды, жергиликтүү коомдоштуктарды түзбөйт, алар бир жердин тургундары эле азырынча.
Бул корутунду жөнөкөй угулганы менен абдан чоң маселенин башын ачып турат, тактап айтканда Кыргыз Республикасында бийликтин ээси, мамлекеттик бийликти ишке ашыруучу негизги субъект —  ЭЛ жок экендигин, жергиликтүү бийликти ишке ашыруучу – Жергиликтүү коомдоштуктар жок экендигин айгинелеп жатат.  Бизде мамлекеттик бийлик ээсиз, жарандар
Ушул эки өзөктүү маселенин чечилиши менен гана биз элдин мамлекеттик бийликке жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигине карата болгон табигый жана Конституциялык укуктарын турмушка ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болобуз.
Ага чейин мамлекеттик бийлик дагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги дагы элдик бийлик болбойт,  элдин пикири эске алынбайт,  шайлоо, референдум деген нерселер жөнөкөй эле көз бойомочулук болуп, бийлик бир ууч адамдын менчигине айланып, алардын кызыкчылыктарын гана коргогон курал болуп кала берет. Кыргызстандагы соңку эле жылдары болуп өткөн эки революция, эки жолку бийликтин күч менен алмашышы, андан кийинки саясий жана социалдык көрүнүштөр буга толук далил.

(уландысы кийинки санда)

Эмилбек Каптагаев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты