Украинада кыргыз консулдун унаасы уурдалды

10-октябрга караган түнү Киевде Кыргызстандын консулунун дипломатиялык номер тагылган кызматтык унаасын уурдап кетишкенин Тышкы иштер министрлиги бүгүн ырастады. Маалыматка караганда, консул дипломатиялык номер тагылган жаңы Toyota Highlander үлгүсүндөгү автоунааны үйүнүн жанына токтоткон. 10-октябрда эртең менен жумушка баруу үчүн короого чыгып эле машинасын койгон жеринен таппай калган.

Машинанын күйүүчү майы аз болгондуктан уурулар май куюучу жайга кирип, видео байкоого түшүп калышы ыктымалдыгы божомолдонууда. Укук коргоо органдары аймактагы май куюучу жайлардагы видео көзөмөлдөрдү карап жатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча аталган фактынын негизинде Украинанын полициясы «автоунаа уурдоо» беренеси боюнча иш козгоду. Украина ТИМине унааны табууга көмөктөшүү боюнча нота жөнөтүлдү.Украинада кыргыз консулдун унаасы уурдалды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты