Кыргызстанда кыйноого алынганы тууралуу даттангандардын саны өстү

  • 2 года мурун

2021-жылы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кыйноого, катаал мамилеге, абактардагы жашоо шарттын начардыгына даттанган жана башка өтүнүчтөр менен 169 арыз түшкөн. Бул тууралуу аталган мекеменин жылдык баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, арыз менен кайрылгандардын 67си кыйноого, 42си катаал мамилеге, 10у абактардагы жашоо шарттын начардыгына даттанышкан. Калган 50 арыз шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу жана соттордун чечими боюнча түшкөн.

Баяндаманын түзүүчүлөрү былтыр 2020-жылга салыштырмалуу борборго кыйноого байланыштуу кайрылгандардын саны өскөнүн белгилешти. Алар муну өлкөдө COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн алынганына байланыштырууда.

2021-жылы кыйноого даттанып 67 киши кайрылса, 2020-жылы 41 адам кайрылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты