Бишкек: район башчылары жума сайын соцтармакта түз байланышка чыгат

  • 2 года мурун

Бишкектин административдик райондорунун башчылары (аким) жума сайын социалдык тармактарда түз эфирге чыгып, шаардыктардын суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов ар шейшемби күнү саат 18:00дө акимиаттын Фейсбуктагы баракчасынан түз байланышка чыгат.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев шаршемби күндөрү саат 18:00дө акимиаттын Фейсбуктагы баракчасынан түз байланышка чыгат.

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Максатбек Саргазаков бейшемби күндөрү саат 18:00дө акимиаттын Фейсбуктагы баракчасынан түз байланышка чыгат.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев жума күндөрү саат 18:00дө акимиаттын Фейсбуктагы баракчасынан түз байланышка чыгат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты