Жаңы Ак үй: административдик комплекстин долбооруна сынак жарыяланды

  • 2 года мурун

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси Чыңгыз Айтматов проспектисинде салына турчу административдик комплексти куруу үчүн долбоордун концепциясын иштеп чыгууга ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, сынак 14-октябрга чейин бир айлампа менен жүрөт. Ага архитектуралык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берүүчү күбөлүгү бар архитекторлор катыша алат.

Мыкты деп табылган үч долбоорго 1 миллион сомдон байге каралган. Мындан тышкары беш долбоорго 360 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

Сынак демөөрчүлөрдүн каражатына президенттин иш башкармалыгынын жетекчилиги алдында өтөт.

Административдик комплекс мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын маңдайына курулат.

Белгилей кетсек, мейманкананын ордуна учурда президенттин администрациясынын жаңы имараты курулуп жатат.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 15-апрелде имараттын курулушуна капсула салган. Президент аянты 21 миң чарчы метрди түзгөн жаңы имарат сапаттуу салынышы керектигин айткан. Өлкө башчынын басма сөз кызматы жаңы административдик комплекс курулуп мамлекеттик органдар бир жерге жайгашса, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездеп, Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү автожолдогу жүк азая турганын билдирген.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өлкөдө экономикалык кыйын кырдаалда президенттин жаңы администрациясы курулуп жатканын сындап чыгышкан. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты