Акыркы суткада 85 адамдан коронавирус аныкталды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирус жуккан 85 учур катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, илдетке чалдыккандардын 76сы Бишкектен. Ош, Чүй облустарында үчтөн, Жалал-Абадда эки адам, Ош шаарында бир адам катталды.

28 адам коронавирустун симптомдоруна байланыштуу дарыгерге кайрылышкан. 57 адам ПЦР тапшырган учурда аныкталган. Илдетке чалдыккандардын 12си ооруканада, калгандары үйүндө дарыланып жатат.

Ооруну жаңы жуктургандардын ичинен 18 адам вакцинанын эки дозасын тең алган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 201 414 адам коронавирус илдетине чалдыккан. 3 миңдей адам оорудан көз жумган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты