Жогорку окуу жайларына кабыл алуу 18-июлда башталат

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун графигин бекитти.

Ага ылайык, абитуренттерди кабыл алуу беш айлампа менен өтөт.

Биринчи айлампа 18-июлда башталып, 20-июлда аяктайт.

Экинчи айлампа — 25-27-июлда;

Үчүнчү айлампа — 1-8-августта;

Төртүнчү айлампа — 8-10-августта;

Бешинчи айлампа — 15-20-августта өтөт.

Документтер онлайн кабыл алынат. Жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн сынакка катышууга «Абитуриент Online» сайтына каттоого туруу керек. Ушул эле сайтта окууга өткөн абитуриенттердин тизмеси жарыяланат. Алар ошол окуу жайына окуй турган каалоосун ырастоого тийиш.

Министрликтин маалыматына караганда, беш айлампада толбой калган бош орундарга 22-23-24-август күндөрү кошумча тизмелер жарыяланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты