Чүйдө катылган курал-жарактар табылды

УКМКнын маалымат кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында Бишкектин ылдый тарабында жайгашкан Чүй областынын Озерное айылында курал-жарак катылган жер табылды. Ал жерден “Макаров” тапанчасы жана номерлери өчүрүлгөн “Иж” травматикалык тапанчасы, мылтык, ар кандай калибрдеги 77 ок жана желим октор чыккан.

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы курал-жарак жана ок-дарылар жарактуу экенин аныктады. Учурда чогулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу максатында УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына жиберилди.

Курал-жарак кимдер тарабынан жашырылганы азырынча белгисиз.Чүйдө катылган курал-жарактар табылды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты