Кылычбек Султановго “2018-жылдын мыкты элчиси” наамы ыйгарылды

Кылычбек Султановго “2018-жылдын мыкты элчиси” наамы ыйгарылды

Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча мусулмандар комитети КР Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султановго “2018-жылдын мыкты элчиси” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Казакстандын Timeskz маалымат агенттиги билдирди.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султановго “2018-жылдын мыкты элчиси” наамын ыйгаруунун бир себеби  болуп КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын  Түштүк Кореядагы самолет ичиндеги татыксыз жүрүш-турушу болду.

Ошол кезде өкмөттүк басым көрсөтүүгө карабай, Кылычбек Султанов бул окуяны жашырбастан коомчулукка чыгарып жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчун пресс-конференцияда ачык айтып чыккан деп анын чечимин эрдикке тете деп бааланды.

“Кыргыз элчисинин эр жүрөк жүрүшү элчилер коркок, өз жүзү жок, принципсиз жан” деген калыптанып калган түшүнүктү сындыра алды. Мына ушундай адамдар дүйнөлүк коомчулукта мамлекеттин кадыр-баркын көтөрөт” деп белгилеген Борбор Азия боюнча адам укуктары боюнча мусулмандар комитетинин башчысы Мурат Телибеков.

 

 

.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты