Казакстандан куш этине Кыргызстандын тыюусу туура эмес дейт казактар

Казакстандын айыл чарба министрлиги КР ветеринария жана финосанитария инспекциясына жазган катында Казакстандан алынып келинчү куш этине Кыргызстан убактылуу тыюу салганын туура эмес деп эсептейт. Бул тууралуу  informburo.kz. сайты билдирди.

Кыргызстан Алматы жана Түндүк-Казакстан облустарынан куш эти, канааттуулар жеми жана жумуртка алып келүүгө куш тумоосуна байланыштуу убактылуу тыюу салган.

Ньюкасла деп аталган куш тумоосу Алматы облусунда кийинки он жылдан бери болгон эмес, ал эми Түндүк Казакстандын Атырау районундагы  аталган куш тумоосу боюнча карантин 2018-жылдын 19-сентябрында алынып салынган деп билдирет Казакстандын айыл чарба министрлиги.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты