Канышай Мамыркулова: «Азиз Суракматов менен сүйлөштүм, кыргызча жакшы эле сүйлөйт экен»

Канышай Мамыркулова: "Азиз Суракматов менен сүйлөштүм, кыргызча жакшы эле сүйлөйт экен"Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов «Кыргызтесттен» сынактан өтмөйүнчө, анын бул кызматта отурганы мыйзамсыз экенин айтып, соттошуп келе жаткан жарандык активист Канышай Мамыркулова эми БШК мүчөлөрүн сотко берди. Буга байланыштуу биз активист менен маектештик. 

— Сиз буга чейин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов «Кыргызтесттен» сынак тапшырышы керектигин айтып, сотко берип келесиз. Кечээ ал киши менен жолукканыңыз тууралуу маалымат уктук. Жолугушуу кандай өттү, кайсы маселелерди талкууладыңыздар?

— Суракматов менен жолуккан жокмун. Телефон аркылуу сүйлөштүк. Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев чалып, телефонду Суракматовго берди. Жылуу сүйлөштүк. Жакшынакай эле кыргызча сүйлөйт экен. «Кыргызтест» тапшырбайм деп таккесе жооп айткан жок. Бул маселе ачык бойдон калды. «Кыргызтест» боюнча маалыматым бар, мен аны тепшырбайм деп айтпайм, суроонун олуттуу экенин билем. Эгер ал сынактан өтүү муктаждыгы пайда болсо, өткөнгө даярмын» деди. Анткени, Суракматов деле юридикалык жагын дагы, саясый жагын дагы түшүнүп турат. Бул БШКнын катасы экенин ал киши деле түшүнүп турат. Мэр бул маселени жолугуп талкуулоого дагы даяр экенин айтты.

— Демек, ошон үчүн сиз эми БШК мүчөлөрүн сотко берип жаткан турбайсызбы?

— 2017-жылдын 13-июлунда мамлекеттик тилди билүү жөнүндөгү 430-токтомду БШК четке кагып аткарбай коюп, анан мен БШКга кайрылсам алар «Кыргызтесттен» өтүү сунушталат» деген чечим кабыл алып жатышат. Конституциянын 90-беренесинде таптак жазылып турат, «Кыргыз өкмөтүнүн токтомдору Кыргыз Республикасынын аймагында кынтыксыз аткарууга жатат» деп жазылып турат. Бул жерде БШК олуттуу ката кетирди. Ошон үчүн «шалаакылык» деген беренеге такап, мен аларды Бишкек райондор аралык сотко бердим. Ал жактан жооп келе элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты