Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты өтүп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлдуМаданият, маалымат жана туризм министри, чыгаан журналист Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнатып өтүп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Коштошуу зыйнатына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, сөз сүйлөдү.

Султан Жумагулов 59 жашта болчу. Ал акыркы убакта онкологиялык оору менен ооруп келген.

Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин ВВСде, «Азаттыкта», ЭлТРде, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

Ал журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал болчу. Былтыртан бери министрлик кызматты аркалап келе жаткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты