Депутат Мавлянова кытай туристтерине визасыз режим киргизүү маселесин кайра көтөрдү

Депутат Мавлянова кытай туристтерине визасыз режим киргизүү маселесин кайра көтөрдүЖогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова кытайлык туристтерди тартуу зарылчылыгы жөнүндөгү маселени бүгүн парламентте кайрадан көтөрдү.

Ал буга чейин айткан сунушунун мааниси интернеттеги социалдык түйүндөрдө башка өңүткө бурмаланып кеткенин айтып, мунун артында саясий оппоненттери турушу мүмкүн экенин билдирди.

«Менин жалгыз максатым – кытайлык туристтердин миллиондогон эмес, миллиарддаган акчасынын агымын Кыргызстанга буруу. Мен туризмди өнүктүрүү тууралуу оюмду айткам. Албетте, бул сунуш дыкаттык менен изилденип, мамлекеттин коопсуздугу жагынан, чет элдиктердин кыймыл-аракеттерин контролдоо маселелери менен чогуу каралышы керек» дейт Мавлянова.

Ошону менен катар депутат “Кашыктап чогулткан ар-намысымды, абийиримди, элге кылган ак кызматымды бир күндө тебелеп-тепсеп жок кылууга аракет жасашты” деп билдирип, кытайлык туристтерди тартуудан дүйнө өлкөлөрү канчалык пайда көрүп жатканы тууралуу эки инфографикалык тасманы көрсөттү.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты